Синдзо Абэнин акыркы сапарга качан узатылары айтылды

Эки күн болчу аза күтүү жана акыркы сапарга узатылчу жерде Синдзо Абэнин жубайы Акиэ Абэ болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Япониянын киши колдуу болгон 68 жаштагы мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ менен коштошуу Токио шаарынын борборундагы Дзодзёдзи деп аталган будда храмында 11-июлда өтүп, ал эми 12-июлда акыркы сапарга узатылары айтылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Саясатчы менен жакындары, достору, шикирттери 11-июлда аталган храмда коштошмокчу. Аны акыркы сапарга ошол эле жайдан узатышарын, бирок бул маалымат дагы такталып жатканын билдиришти. Эки жерде тең Синдзо Абэнин жубайы Акиэ Абэ болору айтылды.
Эскерте кетсек, Синдзо Абэ 2022-жылдын 8-июлунда саат 11лер чамасында Нара префектурасында шайлоочулардын алдында сүйлөп жатканда кол салуу болгон. Артынан атылган ок Абэнин мойнуна тийгени айтылган. Эс-учун билбей жыгылган саясатчыны алгач Тез жардам алып кетип, андан соң учак менен ооруканага жеткиришкен. Журналисттерге маалымат берген өкмөт башчы Фумио Кисида Абэнин абалы өтө оор болуп жатканын айткан. Тилекке каршы, Синдзо Абэ түштөн кийин көз жумган.
Кылмыш болгон жерден 41 жаштагы Тэцуя Ямагамини кармашкан. Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөткөн эмес. Бир канча убакыттан кийин адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, камакка алынган. Япон ЖМКлары Ямагами 2005-жылга чейин үч жыл өлкөнүн Аскер-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылганын, андан соң эмне иш менен алектенип келгени белгисиз экендигин жазышты.
Ямагами суракка алынганын, мындай кадамга "Абэнин саясатына нааразы" болгону үчүн барганын айтып бергени маалым болду.
Анткен менен трагедиянын эртеси, тагыраагы бүгүн, 9-июлда, анын сурак учурунда башында башка кишини өлтүрүүгө ниет кылганын айтып бергенин ЖМКлар жазды.
Синдзо Абэ Япониянын өкмөтүн эки ирет жетектеген. Тагыраагы, 2006-2007-жылдары жана андан кийин 2012-2020-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал Либералдык-демократиялык партиядан баш-аягы тогуз жолу Эл өкүлдөр палатасына депутат болгон жана аталган партияны жетектеп келген.
Синдзо Абэ жубайы менен Кыргызстанга келген ирмемдер. Сүрөт