Шри-Ланкада эл көтөрүлүп, президенттик сарайды басып алды. Видео

Демонстранттар бүгүн президенттин резиденциясынын алдында турган күч түзүмдөрүнүн тосмосун жарып кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарында эл массалык түрдө нааразычылык акциясына чыгып, аларды таратуу учурунда кеминде 33 адам жаракат алды. Бул туурасында Ada Derana басылмасына таянып РИА Новости жазды.
Жабыркагандар улуттук ооруканага жаткырылган, экөөнүн абалы өтө оор экени айтылды.
Шри-Ланканын саясий активисттери буга чейин өлкөдөгү экономикалык кризиске байланыштуу өкмөткө каршы жүрүшкө чыгууга чакырган. Бүгүн, 9-июлда, топтолгон эл президенттин резиденциясынын алдында турган күч түзүмдөрүнүн тосмосун жарып кирип, аймакты басып алышты.
Демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууда.
Шри-Ланка көз карандысыздыкка жетишкен 1948-жылдан берки эң оор экономикалык кризисти баштан кечирип жатат. Коронавирус пандемиясы туристтик секторун алсыратып, негизги киреше булагына сокку урган. Өлкөдө азык-түлүк, эң зарыл буюмдар, медикамент жана газ тартыш болууда. Күйүүчү майдын жетишсиздигинен көпчүлүк райондорунда электр энергиясы тынымсыз өчүп жатат. Ал арада мамлекеттин тышкы карызы 51 миллиард долларга жетти.
ЖМК: Синдзо Абэни аткан кишинин алгач башка планы болгон