Ош шаарында айт намазга 13 миңдей адам катышты. Сүрөт

Майрамдык намазга бийлик өкүлдөрү, дин ишмерлери жана шаар тургундары келген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулду. Бул туурасында калаа мэриясы билдирди.
Ага биринчи вице-мэр Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышкан. Жалпысынан намазга келгендердин саны 13 миңге чукулдаган.
1 / 5

Ош шаарынын борбордук аянтында Курман айт намазы окулду

2 / 5

Ага биринчи вице-мэр Марс Исаев, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, аксакалдар жана тургундар катышкан. Жалпысынан намазга келгендердин саны 13 миңге чукулдаган

3 / 5

Вице-мэр Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи

4 / 5

Ошондой эле ал майрамда бардык жакшы ниет-тилектер ишке ашышын каалады

5 / 5

Майрамдык намазга бийлик өкүлдөрү, дин ишмерлери жана шаар тургундары келген

Вице-мэр Курман айт байыртадан бери элдин ынтымагын бекемдеп, жакшылыкка жана ырайымдуулукка чакырып келгенин белгиледи.
"Сиздерди Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан, шаар мэриясынын жалпы аппаратынын жана жеке өзүмдүн атымдан Курман айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү ар бирибиз муктаж болгондорго жардам берип, ата-энелерге терең урмат-сый көрсөтүп, туугандарды, досторду зыярат кылып, маркумдарга багыштап куран түшүрөбүз. Курман айт ар бир үйгө тынчтык жана береке, жылуулук жана кубаныч, биримдик жана ынтымак алып келсин", — деди Исаев.
Ошондой эле ал майрамда бардык жакшы ниет-тилектер ишке ашышын каалады.
Эски аянт толо эл. Бишкектеги айт намаздын видеосу