Көлдө жеңил унаа сүзүп кеткен маршрутканын айдоочусу көз жумду

Каза болгон 46 жаштагы айдоочу Кара-Балта шаарында туулган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Nissan X-Trail үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп кеткен маршрутканын айдоочусу көз жумду. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
Эске салсак, 8-июль күнү эртең менен Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолундагы эс алуу жайына бурулган жерде үрөй учурган жол кырсыгы болгон. Анда жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Nissan X-Trail сүзүп кеткен. Кырсыктан кийин эки автоунаанын тең айдоочусу жана бир жүргүнчү жабыркап, Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген. Жол кырсыктын видеосу соцтармакка жарыяланган. ЖКККББнын алдын ала маалыматы боюнча, Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы маршрутканын айдоочусунун каза тапкандыгы тууралуу кабар 9-июль күнү эртең менен түшкөнүн билдирди. Кайтыш болгон 46 жаштагы айдоочу Кара-Балта шаарында туулган.
Кырсыктан жабыркаган жеңил автоунаанын айдоочусу жана анын жубайы Чолпон-Ата ооруканасында жатат, алардын мээси чайкалган деп айтышты.
Бишкекте милициянын УАЗы менен жолтандабас кагышты. Видео