Өлкөдөгү беш ЖОЖго өзгөчө статус бериле турган болду. Тизме

Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарын реформалоо жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси да талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңешинин кезектеги отуруму өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку окуу жайларын жана Улуттук илимдер академиясын реформалоо маселелери талкууланган.
Кыргызстандагы беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берүү маселеси каралган.
Алар төмөнкүлөр:
1.
Кыргыз улуттук университети;
2.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
3.
Кыргыз агрардык академиясы;
4.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы;
5.
Ош мамлекеттик университети.
Андан сырткары, Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарын реформалоо жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, илимди каржылоону мыйзам тарабынан талап кылынган ички дүң өнүмдүн 1 пайызына жеткирүү маселелери талкууланган.
Маалымат кызматы үч сааттык талкуудан кийин Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин мүчөлөрү жогорку билим берүүнү жана илимди реформалоо пландарынын концепцияларын жактырганын билдирди.
50 абитуриент гранттык орунга мыйзамсыз кабыл алынган. УКМК иликтөөдө