Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди. Сүрөт

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мал базардын шартын жакшыртуу тапшырмасын берген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады.
1 / 3

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди

2 / 3

Облус башчысы Алтынбек Сулайманов тургундар менен бирге базардын иши менен таанышып чыккан

3 / 3

Мал базардын жалпы аянты алты гектар

Облус башчысы Алтынбек Сулайманов тургундар менен бирге базардын иши менен таанышып чыккан.
"Мал базарда бодо мал жана майда жандык үчүн атайын үстү жабылган жайлар даярдалган. Мындан сырткары, базардын аймагында ветеринардык клиника менен ветеринардык дарыкана иштейт", — деп жазылган маалыматта.
Мал базардын жалпы аянты алты гектар.
Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров май айында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мал базардын шартын жакшыртуу тапшырмасын берген.
Кенге берилген лицензия, жол маселеси. Бийлик өкүлдөрү Чаткал эли менен жолукту