Хабибдин Eagle FC уюму кайрадан Кыргызстанда турнир өткөрөт

Лиганын постерине кыргызстандык мушкер, уюмдун учурдагы чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулунун сүрөтү коюлган. Ал кеченин башкы беттешине чыгышы мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship лигасы кайрадан Кыргызстанда аралаш мушташ (ММА) боюнча турнир өткөрөт.
Спорттук уюмдун социалдык тармактагы баракчасындагы маалымат боюнча, турнир 10-августка белгиленген.
"Кыргызстанда күйөрмандарыбыз көп болсо керек. Биз сиздер менен 10-августта "Бишкек Аренада" көрүшөбүз", — деп жазылган баракчада.
Лиганын постерине кыргызстандык мушкер, уюмдун учурдагы чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулунун сүрөтү коюлган. Ал кеченин башкы беттешине чыгышы мүмкүн.
Бусурманкул чемпиондук наамды былтыр Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн EFC турниринде алган. Бел курду аталган уюмду негиздегендердин бири, UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзү таккан.
Зал дуу түштү! Самат Абдырахманов атаандашын нокаут менен утуп чемпион болду