Бишкектеги эски аянтта айт намазы окулуп, ага бийлик башчылары катышты. Видео

Айт намазга адаттагыдай аянт толо эл чогулган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында окулуп, ага бийлик башчылары катышты.
Айт намазга өлкө башчы Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана башка аткаминерлер да жыгылды.
Мындан тышкары, миңдеген шаар тургундары жана коноктор катышты.
Иш-чара 6:00дө башталып, айт намаз 7:30да окулду.
Кайрымдуулукту арттырган Курман айт. Жапаров кыргызстандыктарды куттуктады