Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчилик: АКШ Украинадагы чатакты кандай жол менен болсо да создуктуруу ниетинде

Дипмиссия Вашингтон Украинанын Куралдуу күчтөрүндөгү жоготууларды Киевге курал жөнөтүү менен компенсациялоого аракет кылып жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. АКШ Украинадагы чатакты кандай жол менен болсо да создуктуруу ниетинде болуп жаткандыгын Россиянын Вашингтондо жайгашкан элчилиги өзүнүн Telegram каналына жазган.
Президент Жозеф Байден Украинага 400 миллион доллардык аскердик жардам берүү боюнча кезектеги жарлыкка кол койду. Пентагондогу жогорку кызматтагы маалымат булактардын билдиргенине караганда, жаңы транш менен залптык ок чыгарган реактивдүү HIMARS системасынан төртөө берилет.
"Мунун артында Вашингтондун Украинадагы чатакты кандай жол менен болсо да создуктуруу аракети турат, ал Украинада Куралдуу күчтөрдүн, улутчул батальондордун жоготууларын курал жиберип, компенасациялоодо. Киев бийлиги жана улутчул топтор америкалык куралдарды Донбасстын шаарларын жок кылуу үчүн колдонот. Украинанын куралдуу күчтөрү Донецкидеги эл жашаган кварталдарды бутага алууда. Аткылоо НАТОнун 144 миллиметрлик калибрдеги снаряддары менен жасалууда", — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Россия Киев режимине курал берүүгө катышкан бардык өлкөлөргө нааразылык нотасын жөнөткөн. РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров курал менен келе жаткан бул жүктөр Россиянын Аскердик-космостук күчтөрүнүн мыйзамдуу бутасына алынарын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө курал-жарак запасы калбай баратат