Трамп: АКШ башка мамлекеттерге акыл үйрөтпөй эле койсо болот

Трамп жаңы администрациянын учурунда кылмыштарды алдын алуу, чек араны бекемдөө начарлап кеткенин, өлкөгө баңгизат толгонун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. АКШ башка мамлекеттерге акыл үйрөтпөй деле койсо болот. Бул тууралуу экс-президент Дональд Трамп Лас-Вегаста тарапташтары менен жолукканда билдиргенин C-Span жазды.
"Биз, улутубуз, начар абалда калдык. Мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Биздин мамлекетти тизе бүктүрүп, дүйнө элине шылдың кылышты, алсыратышты. Көчөлөрүбүздө кылмыштардын курмандыгы болгондордун каны агып турган кезде башка адамдарга жана мамлекеттерге демократия тууралуу лекция окуп жатабыз. Биз уурулукту токтотпосок мамлекетибизден эч нерсе калбайт", — деди Трамп.
Ал ошондой эле биринчи кезекте АКШнын коопсуздугун камсыздоо керектигин белгилеп, жаңы администрациянын учурунда кылмыштарды алдын алуу, чек араны бекемдөө начарлап кеткенин, өлкөгө баңгизат толгонун кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Элчилик: АКШ Украинадагы чатакты кандай жол менен болсо да создуктуруу ниетинде