Көлдө жеңил унаа жүргүнчү түшүрүп жаткан маршрутканы сүзүп, үч киши жабыркады

Алдын ала маалымат боюнча, жеңил автоунаанын айдоочусу уктап кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Nissan X-Trail сүзүп кетти. Анын кесепетинен үч киши жабыркады. Бул тууралуу ЖКККББ кабарлады.
Каргаша бүгүн саат 8:30дар чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолундагы эс алуу жайына бурулган жерде болгон.
Кырсыктан кийин эки автоунаанын тең айдоочусу жана бир жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. ЖКККББнын алдын ала маалыматы боюнча, Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
Дөңгөлөгү жулунуп кеткен. Тоңдо үрөй учурган кырсыктан алты адам жабыркады