Япониянын экс-премьери Синдзо Абэге кол салуу болду

Окуянын чоо-жайы такталып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Япониянын мурунку премьер-министри Синдзо Абэге ок атылып, кол салуу болгонун жергиликтүү NHK каналы билдирди.
Кабарда экс-премьердин Нара шаарында эл алдында сүйлөп жаткан маалында октун үнү жаңырганы айтылат. Айрым маалыматтарда Абэнин кансырап жатканын көргөндөр да болгону белгиленүүдө.
Саясатчыны эс-учун жоготкон боюнча ооруканага алып кетишкен.
Окуянын чоо-жайы такталып жатканы айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Япон депутаты: АКШ менен Улуу Британия Украинадагы чатакты күчөтүп жиберди