Улуттук банк июнда 144 млн. доллар сатып алды. Резервге кандай таасир этти

Өткөн айда башкы банк валюта рыногуна үч ирет чыгып, жалпысынан 144,3 миллион доллар сатып алган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Июнь айында Улуттук банктын эл аралык (алтын валюта) кору 48 миллион 50 миң долларга өстү. Бул тууралуу аталган банктын сайтындагы маалыматтардан билүүгө болот.
Алтын валюта боюнча резервдер көлөмү:
майдын соңунда — 2 миллиард 587,3 миллион доллар;
июндун соңунда — 2 миллиард 635 миллион 350 миң доллар.
Эске салсак, өткөн айда башкы банк валюта рыногуна үч ирет чыгып, жалпысынан 144,3 миллион долларды нак эмес түрдө сатып алган. Муну менен катар эле чет элдик валюта саткан эмес. Аны ачык маалыматтардан көрүүгө болот.
Эл аралык кор алгач ирет февралда өскөн, ага чейин бир нече ай катары менен ылдыйлап, түшүп турган.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал ондогон валюталардан турат: SDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерви жана төлөө каражаттары) жана алтын.
Улуттук банктын алтын запасынын наркы үч айдан бери тынымсыз түшүп жатат