Сүйлөп жаткан Синдзо Абэни аткан учурдун видеосу тарады

Саясатчыга Нара шаарынын 40 жаштагы тургуну Тецуя Ямагами аттуу адамдын кол салганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарга Япониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэни аткан учурдун видеосу жарыяланды.
Маалымат каражаттары саясатчыны Нара шаарынын 40 жаштагы тургуну Тецуя Ямагами аттуу адамдын атканын жазды. Анын эмне үчүн мындай ишке барганы азырынча белгисиз.
Кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча 11:30да (Бишкек убактысы менен 8:30) болгону айтылды.
Буга чейин кол салуу болгон жерден аны дарыгерлер ооруканага алып кеткени, эсине келбей, жүрөгүнө массаж жасалганы айтылган. Андан соң тик учак менен Нара медициналык университетине жеткирилген. Башка ЖМКлар Абэнин мойнунан кан акканы байкалганын жазышкан.
РИА Новости бул кол салуудан кийин өкмөттүн канцеляриясында кризистик борбор түзүлгөнүн, азыркы премьер-министр Фумио Кисида шайлоо алдындагы аймактарды кыдыруусун токтотуп, Токиого шашылыш кайтканын кабарлады.
Синдзо Абэ жерде жатат. Кол салган аймактан тартылган видео