Синдзо Абэ жерде жатат. Кол салган аймактан тартылган видео

Мурдагы өкмөт башчыга ал эл алдында сүйлөп жатканда кол салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Социалдык тармактарга Япониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэге Нара шаарында көчөдө сүйлөп жатканда кол салгандан кийинки видеосу тарады.
Кадрдан кишинин жерде жатканы, кыязы, жан сакчылары же тартип сакчылар кылмышкерди кармап жаткан учурларды көрүүгө болот.
Буга чейин белгисиз адамдын саясатчыны атканы боюнча маалымат тараган. Эки ирет октун атылганы жаңырып, саясатчы сүйлөп жаткан жеринен кулаганы айтылган болчу. Маалыматтарга караганда, кылмышкер арт жагынан кол салгандыктан, ок далысынын тушуна тийген. Болжол менен ок мылтыктан атылган.
Экс-премьердин ооруканага жеткирилгени, бирок эсине келе албай жатканы, жүрөгүнө массаж жасалганы кабарланды.
Ал арада башка маалымат каражаттарында Абэни медиктердин алып кетип бара жаткан видеосу тарады.
Япониянын экс-премьери Синдзо Абэге кол салуу болду