Синдзо Абэ жубайы менен Кыргызстанга келген ирмемдер. Сүрөт

Sputnik
Бүгүн, 8-июлда, Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэ Нара шаарында көчөдө шайлоочулар алдында сүйлөп жатканда кол салуу болгон. Атылган эки ок, тилекке каршы, 68 жаштагы саясатчынын өмүрүн алып кетти. Sputnik Кыргызстан Синдзо Абэнин Кыргызстанга келген учурдагы сүрөттөрү менен видеолорун анын жаркын элесине арнап, окурмандарга тартуулайт.
Синдзо Абэ премьерлик кызматта турганда Кыргызстанга 2015-жылы 26-октябрда келип, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен жолуккан. Аны "Манас" эл аралык аэропортунан ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев тосуп алган. Тараптар келечектеги кызматташууну талкуулап, эки өлкөнүн мамилесин мындан ары да өнүктүрүү, жакшыртууну сүйлөшкөн.
1 / 14

Кыргызстанга келип, Бишкекке түшүп жаткан Синдзо Абэ жана жубайы Акиэ Абэ. "Манас" эл аралык аэропорту.

2 / 14

Жогорку даражалуу конок Синдзо Абэни "Манас" эл аралык аба майданынан өкмөт башчы Темир Сариев тосуп алган

3 / 14

Күн чыгыш өлкөсүнүн өкмөт башчысы Синдзо Абэге урмат көрсөткөн Улуттук гвардиянын Ардак кароолунун жоокерлери

4 / 14

Анын бул аймакка жасаган биринчи сапары

5 / 14

Ал кездеги премьер-министр Темир Сариев Синдзо Абэге кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрүн тааныштырууда

6 / 14

Кыргызстан менен Япониянын ошол кездеги өкмөт башчылары Темир Сариев жана Синдзо Абэ. Бишкек, "Ала-Тоо" аянты.

7 / 14

Темир Сариев менен Синдзо Абэ 2010-жылдагы революцияда курман болгондорду эскеришкен

8 / 14

Синдзо Абэ жана жубайы Акиэ Абэ. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.

9 / 14

Атамбаев коногу менен япон тилинде "коничива" деп учурушкан

10 / 14

Абэ жана Атамбаевдин жубайлары менен түшкөн сүрөтү

11 / 14

Жолугушуунун алкагында кызматташуу жөнүндөгү бир катар документтерге кол коюлган

12 / 14

Алмазбек Атамбаев Синдзо Абэнин Кыргызстанга болгон алгачкы сапары эки тараптуу мамилени кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгарууга жардам берет деп билдирген

13 / 14

Синдзо Абэ келгенде Бишкекте жер титиреген

14 / 14

Япония Кыргызстандын айыл чарба паркынын техникасын жаңыртуу үчүн 1,5 миллион доллар грант бөлгөн

Тема боюнча:
Сүйлөп жаткан Синдзо Абэни аткан учурдун видеосу тарады