БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Батыш Россия менен мамиле түзүүдө алысты көрө албаган кадамдарды жасап жатат. Бул туурасында Сингапурдун БУУдагы экс-туруктуу өкүлү Кишор Махбубани The National Interest басылмасына билдиргенин РИА Новости жазды.
"Батыш Россия менен болгон мамилесинде кыраакылык кылбай, аны G20 альянсынан чыгарууга аракет жасашы акылга сыйгыс", — деп белгиледи ал.
Адистин айтымында, АКШ жана Улуу Британиянын жетекчилиги санкция киргизүүнү милдет кылып жатат, бирок батыш дүйнөсү жер жүзүндөгү калктын болгону 12 пайызын гана түзөт, калган бөлүгү мындай саясатты жактабайт.
Демек, Россияны обочолонтууну талап кылган Америка менен Европа кээрин тартып калышы толук ыктымал. Эгер андай боло турган болсо, Кытай менен Индия алардан көз карандылыгын азайтып, жаңы финансылык жана саясий системаны түзүп чыгат. Ага кошумча, европалыктар Россия алардын коңшусу экенин жана ачуусуна тийүү жакшылыкка алып барбай турганын унутпашы керек.
"Россия жоголуп кетпейт. Ал жакынкы миң жылдыкта Европанын коңшусу бойдон калат, анын Батыштан сырткары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен жетишерлик жылуу мамилеси бар" — деди Махбубани.