БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Россия Украинага чындап кирише элек. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Мамлекеттик Думанын фракция жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди.
"Бизди согуш талаасында жеңебиз дегендерин угуп жатабыз. Аракет кылып көрүшсүн. Батыш акыркы украиналыкка чейин биз менен кармашкысы келгенин көп жолу уктук. Бул Украина эли үчүн трагедия. Бирок жалпы жонунан алып караганда али эч нерсе баштай элегибизди баары билиши керек", — деген президент.
Путин Россия тынч сүйлөшүүлөрдөн баш тартпай турганын айтып, андан качып жаткандарга убакыт өткөн сайын Москва менен эпке келүү оңой болбой каларын эскерткен.
Путин токтолгон маселелер:
санкциялар кыйынчылык жаратып жатат, бирок Батыш күткөнчөлүк болгон жок;
Батыштын башкаруучу элитасы өз саясатында деспотизмди (чектөөсүз бийлик), анын ичинде коомдук турмушта цензураны жана өзү билемдикти колдоно баштады;
Батыш дүйнө жүзүнө тоталитардык либерализмдин моделин таңуулоого аракет кылууда;
дүйнөлүк тартип АКШнын саясатынан улам бузулду. Эми аны токтотуу мүмкүн эмес. Ал эми Батыштын өзүнүн дүйнөлүк тартибин таңуулаганы оңунан чыкпайт;
Батышка Россия сыяктуу мамлекеттин кереги жок. Ошол себептен алар "бешинчи колонна" — сепаратизм жана террорчулукту колдошту;
АКШ башында турган жамааттык Батыш ондогон жылдардан бери агрессивдүү саясатын көрсөтүп келет.