Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Батыш жеңилгенин түшүнүшү керек эле

Путин Россиянын Батыш менен орчундуу темалар боюнча диалог жүргүзүү аракеттери көз жаздымда калганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Эгер Батыш Россияны ооздуктоонун жаңы этабына өтүү үчүн жаңжал чыгаргысы келсе, анда ал планы ишке ашты. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Мамлекеттик думанын фракция жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
“Эгер Батыш Россия менен күрөшүүдө жаңы этапка өтүү үчүн жаңжал чыгарууну кааласа, анда бул ою кандайдыр бир деңгээлде ишке ашты. Согушту да чыгарды, санкциялар да киргизилди", — деген РФ президенти.
Ошол эле учурда ал Батыш утулганын белгилеген.
"Алар атайын операция башталганда эле жеңилип калганын түшүнүшү керек эле. Ал америкалык дүйнөлүк тартиптин түп тамырынан бери бузулушунун башталышын билдирет", — деген Путин.
Президент Россиянын Батыш менен орчундуу темалар боюнча диалог жүргүзүү аракеттери көз жаздымда калганын да кошумчалаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: Путиндин амалкөйлүгү Батыштын санкцияларын алсыратты