БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Каттоосу милдеттүү түрдө жасалбастан өлкөгө киргизилген препараттарды Дары-дармек жана медициналык каражаттар боюнча департамент текшерет. Бул туурасында Фармацевтикалык союздун төрагасы Эрнис Асанов айтып берди.
Ал Sputnik Кыргызстандын мультимедиалык борбордунда өткөн "Жашоо үчүн маанилүү дарылардын тартыштык тобокелдиги жаралды. Көйгөйдү кантип чечүүгө болот" деп аталган брифингге катышкан.
Эске салсак, бийлик Кыргызстанда бир катар дарыларды милдеттүү түрдө каттоодон өткөрбөй киргизүүгө уруксат берген токтомдун мөөнөтүн узарткан. Эксперттер мурдараак бул кадам ден соолукка кесепети тие турган сапатсыз дарылардын өлкөгө агыларын айтып, коңгуроо кагышкан.
Фармбирикме жетекчисинин айтымында, мындай дарылар баары бир көзөмөлдөн өтөт: департамент ташып келгенге уруксат берет, электрондук түрдөгү маалым кат аэропорт, темир жол жана автожол бажыларындагы өткөрүү пунктусуна жиберилет.
"Бажылык тазалоодон улам жүк дистрибьюторлордун дарыканаларынын кампасына түшөт, ал жерге департаменттин адистери барып сериялык көзөмөлдөн өткөрөт. Ар бир серияга башынан аягына чейин анализ жасалат. Департаменттин лабораториясы мамлекеттик аккредитациядан өткөн: заманбап жабдуулар менен камсыздалган, бул препарат талаптарга жооп бергендиги боюнча анализди тыкыр жасоого жана текшерүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет", — деген ал.
Асанов Кыргызстанга келип, өкмөттүн токтому менен милдеттүү түрдө каттоодон өтпөгөн дарылар чыгарылган мамлекетте сөзсүз каттала тургандыгын түшүндүрдү.
"Жасалган мамлекетте катталмайын, аны сыртка чыгарууга уруксат берилбейт. Негизи эле сапатсыз продукцияны чыгаруу компаниянын өзүнө пайда алып келбейт. Себеби препараттын жараксыз экендиги аныкталса, аны алып келгендерге кайра кайтарып беришет. Ал эми бул, албетте, кошумча чыгым", — деп айтты Асанов.
Фармсоюздун жетекчисинин айтымында, бир катар дарыларды каттоосуз алып келүү өлкөнүн дары рыногундагы жетишсиздикти алдын алат.
Бирикменин аткаруучу директору Алмазбек Алтыбаев бул айласыздан көрүлгөн чара экендигин кошумчалады.
"Каттоодон өткөн гана дарыларды алып келүү — эң сонун нерсе. Жаманы — көзөмөлдөн да, сертификациядан да өтпөй туруп рынокко чыгып кеткен учурлар. Министрлер кабинетинин токтому айырмачылыктарды теңдештирип, дефицитти алдын алган аргасыз чара", — деди ал.
Бир аз мурдараак Фармсоюз өкүлдөрү Кыргызстандагы дары-дармектин 30-40 пайызы аткезчилик менен алып келиниши мүмкүндүгүн айтышкан.