Пресс-борбор

Кыргызстанда дарылар кымбат сатылат. Фармбирикме бааны түшүрүүнүн жолун айтты

Адистин айтымында, өлкө рыногу чакан болгону үчүн препараттар кымбат келүүдө.
Sputnik
Шпигельное названиеКыргызстан дары-дармекти башка жактардан арзаныраак алса болот. Бул тууралуу Фармацевтикалык бирикменин төрагасы Эрнис Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан препараттарды кымбат сатып алат. Себеби өндүрүшчүлөр үчүн мамлекеттин рыногу чакан болуп саналгандыктан чоң өлкөлөр менен иштөө пайдалуу.
"Грузияда параллель импорт иштейт жана дары-дармек аларга өтө тез жеткирилет. Биз дал ушул долбоор боюнча иштеп жатабыз. Чоң рынокко компаниялар дарыларды арзан жеткирет, ал эми чакан рынокко кымбатыраак сатат. Параллель импорт препараттарды арзан саткан башка өлкөлөрдөн, мисалы, Түркия же Европадан алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет", — деди Асанов.
Ошондой эле ал параллель импортто препараттар толук көзөмөлдөн өтүшү керектигин белгиледи. Адис ушундай жол менен дары чыгаруучу1065928740 заводдордон Кыргызстандын рыногу үчүн бааны төмөндөтүүгө болорун болжолдоду.
Пресс-борбор
Кыргызстанга дары-дармектин 30-40%ы аткезчилик жол менен келери айтылды