16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди кое берген сот отставкага кетти

Бүгүн Свердлов райондук соту өспүрүм кызды зордуктоого шектелгендердин бөгөт чарасын өзгөртүп, сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде сот залынан бошотуп койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Свердлов районунун судьясы Жаналы Батырбеков отставкага кетти. Бул тууралуу Жогорку сот билдирди.
"Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова соцтармакка судья Батырбековдун төрагалыгы астында өспүрүм кызды ыплас жол менен зордуктоого шектелген эки кишинин иши боюнча алдын ала угуу болгонун жазды.
Анын айтымында, кыз алган жаракатынан улам каза болуп кала жаздаган. Судья болсо шектүүлөрдү сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каттын негизинде сот залынан бошотуп койгон.
"Батырбеков 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендерди сот залынан бошотуп койгону тууралуу маалыматты Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаев көз жаздымда калтырган жок. Ал иштин чоо-жайын тактап, судьянын аракетинде өспүрүмдөрдүн укугу бузулган деп катуу реакция жасады. Буга байланыштуу судья Батырбеков бүгүн Судьялар кеңешине ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча арызын берди", — деп айтылат маалыматта.
Судья Батырбековдун чечими анын акыйкаттуу сот экенинен күмөн саноого шек жаратып, сот бутагынын беделине шек келтиргени үчүн ушундай чечим кабыл алынганы кошумчаланды.
Зордукталган 13 жаштагы кыздын таламын талашып. Бишкектеги митингдин видеосу