Кайсы улуттун өкүлү болбосун көпчүлүк кыргызстандыктар мекенибизде квартирант сыяктуу жашайбыз. Биз мына ушул аң-сезимден арылышыбыз керек. Мындай пикири менен Чынара Биялиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып бөлүштү.
Анын айтымында, учурда кайсы муундун өкүлү болбосун "мамлекет мага эмне жасап берди?" деген суроону коет.
"Кыргызстанды экономикалык жактан көтөрүү, социалдык, маданий көйгөйлөрдү чечүүдө негизги себеп бирөө эле. Кеп бийликте же системада эмес, маселе элде. Тилекке каршы, калктын көпчүлүк бөлүгү өз мекенинде эмес, чоочун, бирөөнүн жеринде квартирант болуп жашап жаткандай мамиле курат. Ошол эле көчөдө семичке чаккандар, коомдук жайларда тазалыкты сактабагандар, мамлекеттик мүлккө кыянаттык кылгандар жана башка ушул сыяктуу ондогон, жүздөгөн мисалдарды келтирсек болот. Маселенин өзүбүздө жатканын айтканда биздин коомдун ага да жообу даяр. Көпчүлүгү "мамлекет мага эмне кылып берди" дейт. Бирок биз "мен мамлекетке эмне кыла алам" деген аң-сезимге жетишибиз керек. Мамлекет колунан келгенин ансыз деле жасап жатат. Эгер коомчулук колунан келгенин жасаса, кайра эле оң таасирин өзү көрөт. Учурда ишке ашырылып жаткан "Кыргыз жараны" концепциясынын башкы максаты мына ушул. Кыргызстандагы бардык этностордун башын бириктирген ынтымакты жана мекенге болгон патриоттуулукту күчөтүү", — деди Биялиева.
Ал мындай долбоорлор ондогон жылдар бою өз ишмердүүлүгүн жүргүзө берерин, башкысы, коомчулук өзү да аракетке келүүсү зарылдыгын кошумчалады.