Агрардык университетке кантип өтүүгө болот? Шарты

Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети 2022-жылга карата абитуриенттерди кабыл алууга даярданууда. Материалда аталган ЖОЖго кантип тапшыруу керектиги тууралуу кенен айтып беребиз.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги абитуриенттерге жардам иретинде Скрябин атындагы КУАУ тууралуу маалыматтарды чогултту.

КУАУга кантип тапшырууга болот?

1.
Окуу контракттык жана бюджеттик негизде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
2.
Университетке өтүү Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен сайт аркылуу онлайн кабыл алынат https://2020.edu.gov.kg/.
3.
ЖРТ сертификатын алгандан кийин абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтына катталып, өзүнүн профилин толтурушу керек.
4.
Кыргызстандын бардык жогорку окуу жайлары министрликтин сайтында керектүү маалыматтарды камтуу менен көрсөтүлөт. Сиз ЖОЖду, багытты, адистикти тандап, ЖРТнын электрондук билетин тапшырасыз.
5.
Кошумча тесттен 60тан жогору балл алган студенттерге артыкчылык берилет.
6.
Эгерде сынактын жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, сиз кабыл алуу процедурасынан өтүп, тандаган адистигиңиз боюнча окууга ниетиңизди билдиришиңиз керек. Бул үчүн кыска мөөнөт ичинде автоматташтырылган маалымат системасына паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жалпы орто билими жөнүндө аттестат же орто кесиптик билими тууралуу диплом, аттестаттын титул барагы, окуу акысын төлөгөндүгү тууралуу квитанция (же келишим) тиркелиши керек.
7.
Бардык документтердин түп нускасы окуу жылынын башында КУАУга тапшырылышы зарыл.
Кыргыз улуттук агрардык университетине тапшыруу үчүн кандай документтер керек?
жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
ЖРТ сертификаты;
паспорт жана (же туулгандыгы тууралуу күбөлүк) анын көчүрмөсү.

КУАУнун миссиясы

Азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук маселелерин чечүүгө жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо.

Абитуриенттерге каралган жеңилдиктер

ЖОЖдун гранттык орундарына квотаны даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча абитуриенттердин жеке арыздарына жараша конкурстук негизде бөлүштүрүлөт.
Окуу жайда I, II топтогу майыптарга, согуштун катышуучуларына жана согуштан алган жарааттын негизиндеги майыптарга, тубаса майыптарга, майып балдарга, жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга жеңилдиктер каралган. КРдин жарандары болуп саналбаган адамдар гранттык орундарга өкмөттүн жыл сайын бекиткен квотасынын чегинде конкурстук негизинде кабыл алынат.

КУАУнун факультеттери:

1.
Инженердик-техникалык факультет;
2.
Агрономия жана токой чарбасы;
3.
Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу;
4.
Ветеринардык медицина жана биотехнология факультети;
5.
Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү факультети;
6.
Экономика жана менеджмент факультети;
7.
Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү факультети.
8.
Контракт баасы сом менен төлөнөт

Токой чарбасы жана агрономия

Багыттары:
Агрономия
Күндүзгү бөлүм – 36 000;
Сырттан окуу – 36 000.
Токой чарбасы жана ландшафттык курулуш
Күндүзгү бөлүм – 36 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Фитосанитардык көзөмөл жана ландшафттык курулуш
Күндүзгү бөлүм – 36 000;
Сырттан окуу – 36 000.

Гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу

Багыттары:
Приборлор жана суу пайдалануу:
Мелиорация, рекультивация жана жер кайтаруу
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Айыл чарбасын суу менен камсыздоо, суу жеткирүү жана суу чыгаруу инженердик системасы
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Гидротехника
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Геодезия жана аралыктан зонддоо
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар
Күндүзгү бөлүм – 36 000;
Сырттан окуу – 36 000.
Экология жана жаратылышты пайдалануу
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.

Инженердик-техникалык факультет

Агроинженерия
Багыттары:
Автомобилдер жана агробизнестеги техникалык системалар;
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Электр технологиялары жана электр жабдыктары;
Күндүзгү бөлүм – 37 000;
Сырттан окуу – 37 000.
Электроэнергетика жана электротехника
Күндүзгү бөлүм – 38 000;
Сырттан окуу – 38 000.
Электр менен камсыздоо
Күндүзгү бөлүм – 37 000;
Сырттан окуу – 37 000.
Агроөнөр жай комплекстериндеги техникалык сервис
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Жол кыймылынын коопсуздугу жана уюштуруу
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Ташууларды уюштуруу жана транспортту башкаруу;
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Транспорттогу бажы иштери
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Кесиптик билим берүү
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Логистика
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Айыл чарба продукцияларын сактоо жана кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдуулар
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.

Ветеринардык медицина жана биотехнология факультети

Багыттары:
Ветеринария (адис)
Күндүзгү бөлүм — 41 000.
Коңшу өлкөлөрдүн жарандары үчүн:
Күндүзгү бөлүм — 55 000.
Чет өлкөнүн жарандары үчүн:
Күндүзгү бөлүм — 150 000.
Биотехнология
Күндүзгү бөлүм — 37 000.

Экономика жана маалыматтык система факультети:

Багыттары:
Ишканадагы экономика жана башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Каржы жана насыя
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Экономикадагы математикалык ыкмалар
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 35 000.
Мененджмент
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 33 000.
Чакан жана орто бизнести башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 33 000.
Экономикада прикладдык информатика
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 33 000.

Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү факультети

Багыттары:
Зоотехнология
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 33 000.
Айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүүнүн технологиясы
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 33 000.
Стандартизациялоо, сертификациялоо жана метрология
Күндүзгү бөлүм – 35 000.
Балыкчылык жана аквамаданият
Күндүзгү бөлүм – 35 000.

Маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү факультети

Багыттары:
Экономикадагы прикладдык информатика
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 33 000.
Маалыматтык системалар жана технологиялар
Күндүзгү бөлүм – 35 000;
Сырттан окуу – 33 000.
Жайыттарды башкаруу
Күндүзгү бөлүм – 35 000.

Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарыхы

Университеттин түптөлүү башаты өткөн жүз жылдыктын 30-жылдарына туура келет. Ошол жылдардагы саясий окуяларга карабастан Жусуп Абдрахманов тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана калыптанышына чоң маани берилген. Жаш республика үчүн анда абдан эле оор болгон. Малдын саны кескин кыскарып, дыйкан чарбалары өзүнүн керектөөлөрүн араң камсыздаган. Мындай кырдаалда айыл чарба өндүрүшүнө байланышкан, илимге негизделген комплекстүү милдеттерди чечүүнүн зарылдыгы пайда болгон. Билимдүү адистерге муктаждык жаралган. Бул жогорку билимдүү адистерди даярдоо үчүн ветеринардык институтту уюштурууга негиз болгон.
Кыргыз АССРинин жер боюнча элдик комитет кеңешинин "Зооветеринардык институтун түзүү жөнүндө" 1931-жылдын 30-январында токтом чыккан. Бул токтом 1933-жылдын 30-январында ишке ашырылган жана зооветеринардык институттун түзүлгөн күнү болуп эсептелет. Адегенде 53 студент кабыл алынган.
Айыл чарбасын мындан ары өнүктүрүү, өзгөчө өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгын тез арада талааларда жана фермаларда өнүмдүүлүгүн жогорулатууну талап кылган. Тоют өндүрүү боюнча агроном адистерди даярдоо үчүн 1938-жылы агрономиялык факультет ачылган, ушул эле жылы зооветеринардык институт — Кыргыз айыл чарба институту деп аталган.
Институт билим берүүчү илимий окуу жай катары өнүккөн жана өркүндөгөн. Республикада эл чарбасын үзгүлтүксүз өнүктүрүү жаңы адистерди: инженер гидромелиораторлорду, айыл чарбасынын механизаторлорун даярдоону талап кылган. Ушуга байланыштуу 1949-жылы гидромелиоративдик факультет ачылган. Ал эми 1952-жылы айыл чарбасын механизациялаштыруу факультети түзүлгөн.
Агроөнөр жай комплексин интенсивдүү өнүктүрүү айыл чарбасын натыйжалуу өстүрүүнүн экономикалык жолдорун ачыктады. Ошентип айыл чарба өндүрүшүндө экономисттерди даярдоо зарылдыгы жаралып, 1970-жылы экономикалык факультет негизделген. Азыркы күндө экономика жана маалыматтык системалар факультети университетте эң ири жана агрардык сектордун экономикасы үчүн экономисттерди, менеджер-маркетологдорду, аудиторлорду, финансисттерди жана бухгалтерлерди даярдап келет.
Агроөнөр жай комплекси үчүн 60 миңден ашуун жогорку квалификациялуу адистер даярдалган. Алардын катарында дүйнөгө аты чыккан улуу жазуучу, Лениндик жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, академик, зоотехнология факультетинин 1953-жылкы бүтүрүүчүсү Чыңгыз Айтматов бар.
2009-жылы университетке "улуттук" макам берилген.
2010-жылдан бери университетти КР УИАнын академиги, КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Рысбек Нургазиев жетектеп келе жатат.
Бүгүнкү күндө университет республиканын тагдырын чечүүчү беш жогорку окуу жайдын бирине кирет. Ал республиканын агрардык секторуна жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарып келет.

КУАУ тууралуу маалымат

Учурда университетте 6 факультет жана 1 институт (агрономия жана токой чарба инженердик-технологиялык, гидромелиорация, экология жана жерге жайгаштыруу факультети, ветеринария жана биотехнология факультети, айыл чарба азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү технологиясы факультети, экономика жана менеджмент факультети, маалыматтык системалар жана аралыктан билим берүү институту), 31 кафедра, 4 колледж (техникалык-экономикалык колледж, Ибраев атындагы агротехникалык колледж, Токмок колледжи, Бишкек агроэкономикалык колледжи), Сокулук районундагы окуу-тажрыйба чарбасы жана ветеринария илим-изилдөө институту кирет. Университетте 6 миңден ашык студент билим алууда, алардын ичинен 23 адистик боюнча бакалаврда, 17 адистик боюнча магистратурада билим алышууда. Окуу процессине штаттык 275 профессор-окутуучу тартылган, анын ичинен 34 илимдин доктору жана 106 илимдин кандидаты бар.

Окуу жайдын ардактуу бүтүрүүчүлөрү

Чыңгыз Айтматов — Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры;
Таштанбек Акматов — Социалисттик Эмгектин Баатыры;
Темирбек Кошоев — Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин төрагасы (1981-1987);
Арстанбек Дуйшеев — Кыргыз ССРинин министрлер кеңешинин төрагасы (1979-1981);
Сооронбай Жээнбеков — КРдин мурунку президенти;
Рысбек Нургазиев — КР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик;
Ильяс Ботбаев — КР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик;
Жумакан Лайлиев — КР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти;
Абдулхай Алдашев —КР Илимдер академиясынын ардактуу академиги, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси;
Асан Жакшылыков — КРдин эл акыны;
Жолон Мамытов — КРдин эл акыны;
Барктабас Абакиров — Кыргыз эл жазуучусу;
Жамин Акималиев — КР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик;
Асангалый Орузбаев — КР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, академик.
1 / 4

Чыңгыз Айтматов — Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Кыргыз Республикасынын Баатыры

2 / 4

Таштанбек Акматов — Социалисттик Эмгектин Баатыры

3 / 4

Сооронбай Жээнбеков — КРдин мурунку президенти

4 / 4

Жолон Мамытов — КРдин эл акыны

Дареги: Бишкек, Медеров көчөсү, 68.
Телефону: (0312) 54-05-45, (0312) 54-05-43.
Сайт: knau.kg/kg/bashky-bet
ОшМУга кантип тапшырууга болот?