Радио

Атабаев: Курман айттагы эң сооптуу амал — курмандык чалуу

Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев Курман айт майрамынын маанилүүлүгү республиканын бардык мечиттеринде жеткирилип жатканын айтты.
Sputnik
Курман айттагы эң сооптуу амал курмандык чалуу болуп саналат. Мындай шарт жаратканга жакындоо дегенди билдирет. Бул тууралуу Самидин Атабаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Курман айт — жакындарга зыярат кылып, кедей-кембагалга жардам берип, жакшы сөз арнай турчу күн болгондуктан мусулмандар арасында бул күндүн мааниси чоң.
"Курман айттын негизги жөрөлгөсү — курмандык чалуу. Анткени ал дүнүйөбүзгө береке кошуп, күнөөлөрдүн кечирилише жол ачат. Мусулмандар үчүн Курман айт берекелүү майрамдардын бири. Жакындарга зыярат кылып, кедей-кембагалга жардам берип, ата-энебизге белек берип, жакшы сөз арнай турчу күн. Өлкөдө Курман айт майрамы быйыл 9-июлда белгиленет. 30-июнь Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 8-июль арапа күнү деп белгиленди. Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын буйругу менен Курман айт майрамынын маанилүүлүгү республиканын бардык мечиттеринде жеткирилип, жалпы жарандарга маалымат берилип жатат", — деди Атабаев.
Ошондой эле кары зекет бере турган инсандарга курмандык чалуу милдет болуп эсептелсе, колунда жокторго, жаш балдарга, акыл-эси кем адамдарга курмандык чалуу милдеттүү эместигин кошумчалады.