Курман айт күнү коомдук тартипке 8 000 милиционер көз салат

Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Курман айт майрамында өлкөдө сегиз миңдей милиция кызматкери тартип жана коопсуздукту камсыз кылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, айттын алдында өлкөдө коомдук жайларда кылмыш жана тартип бузууларды болтурбоо максатында күчөтүлгөн рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылууга да өзгөчө көңүл бурулуп жатканы айтылды.
Майрам күнү коомдук тартипти сегиз миңге чукул милиционер көзөмөлдөйт.
Курман айт намазы эски аянтта окулат. Программа