Бишкекте изделип жаткан 12 жаштагы Эмир табылды

Бала мындан эки күн мурун үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте эки күндөн бери изделип жаткан 12 жаштагы Эмир Мыскалов табылганын Sputnik агенттигине өспүрүмдүн апасы кабарлады.
Эскерте кетсек, баланын изделип жатканы тууралуу бүгүн белгилүү болгон. Энесинин айтымында, бала 6-июль күнү саат 19:00дөр чамасында Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Кечээ Ленин райондук милицияга арыз жазылган.
Болжол менен саат 15:00дөрдө баланын апасы чалып, Эмир үйдө экенин кабарлады.
Өзгөндө 34 жаштагы келин жети күндөн бери дайынсыз болууда. Сүрөтү