Эл аралык этно-карнавалдын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюшту

Ири маданий иш-чарага 500дөн ашуун адам катышты, анын ичинде Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте "Ысык-Көл досторун чогултат" эл аралык этно-карнавалы башталды. Тагыраак айтканда, мааракенин катышуучулары Өчпөс отко барып гүл коюшту. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 6

Бишкекте "Ысык-Көл досторун чогултат" эл аралык этно-карнавалы башталды

2 / 6

Тагыраак айтканда, мааракенин катышуучулары Өчпөс отко барып гүл коюшту

3 / 6

Этно-карнавал тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылына карата уюштурулган

4 / 6

Ага 500дөн ашуун адам катышып жатат, арасында Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар бар

5 / 6

Катышуучулар "Ала-Тоо" аянтынан старт алып, Жеңиш аянтына чейин барышты

6 / 6

Ал жерден Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго таазим этүү үчүн Өчпөс отко гүл коюшту.

Этно-карнавал тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулугун коргоо жылына карата уюштурулган. Ага 500дөн ашуун адам катышып жатат, арасында Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген балдар бар.
"Катышуучулар "Ала-Тоо" аянтынан старт алып, Жеңиш аянтына чейин барышты. Ал жерден Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго таазим этүү үчүн Өчпөс отко гүл коюшту. Андан соң иш-чара "Ала-Тоо" ресторанынын амфитеатрында өттү. Карнавал мындан ары Ысык-Көлдө уланат", — деп айтылат маалыматта.
Карнавал Билим берүү жана илим министрлиги, "Балажан" эстетикалык тарбия берүү респубилкалык окуу-методикалык борбору тарабынан мэриянын колдоосу менен уюштурулду.
Белгилей кетсек, эл аралык этно-карнавал 12-июлга чейин уланат.
Этно-карнавал: Ысык-Көлдүн жээгине бир нече өлкөдөн келген 500 бала чогулат