Айт намазга байланыштуу эртең Бишкектин негизги көчөлөрү жабылат

Таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин унаа жол жабык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Эртең борбор калаада Курман айт намазы окуларына байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Бул туурасында Бишкек Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, таңкы саат 04:00дөн 08:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө автоунаа жолу жабылат:
Чүй проспектинин Тоголок Молдодон тарта Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдодон тарта Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Тыныстанов менен Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилиши;
Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрү менен кесилишкен жерлери.
Кайгуул милиция айдоочуларга жогорудагы көчөлөргө автоунааларды токтотпоого чакырат.
Белгилей кетсек, эртең Курман айт намазы калаанын эски аянтында окулат.
Курман айт күнү коомдук тартипке 8 000 милиционер көз салат