Бишкекте 12 жаштагы бала дайынсыз болууда. Сүрөтү

Бала үйүнөн 6-июль күнү чыгып кеткен. Энесинин айтымында, милицияга арыз кечээ жазылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте 12 жаштагы Эмир Мыскалов изделип жатканын апасы кабарлады.
Анын айтымында, бала 6-июль күнү саат 19:00дөр чамасында Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Кечээ Ленин райондук милицияга арыз жазылган.
Бала тууралуу маалыматы барлар, көргөн-билгендер Эмирдин апасы менен 0505 998 088 номери аркылуу байланыша алат.
Бишкекте жоголгон 15 жаштагы Ширин Жунушакунова табылды