16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки киши кайрадан камакка алынды

Буга чейин кылмышка шектүүлөр сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулуп, коомчулукта нааразычылык жаралган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. 16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки кишинин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, кайрадан камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында 6-сентябрга чейин кармалат.
Буга чейин "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова социалдык тармактагы баракчасына жашы жете элек кызды ыплас жол менен зордуктоого айыпталган эки адамдын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча алдын ала соттук угуу өткөнүн жазган. Анын айтымында, жабыркаган кыз каза болуп кала жаздаган, бирок судья шектүүлөрдү сыртка чыкпоо тил каты менен бошоткон.
Бул чечимден кийин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков иштин чоо-жайын тактап, судьянын аракетинде өспүрүмдөрдүн укугу бузулган деп катуу реакция жасаган.
Ошондон кийин Свердлов районунун судьясы Жаналы Батырбеков отставкага кеткен.
Зордукталган 13 жаштагы кыздын таламын талашып. Бишкектеги митингдин видеосу