Жума күнгө карата аба ырайы

8-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жума, 8-июлда, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +26...+31, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +21...+26 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +28...+30, Ош шаарында +31...+33, Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин көтөрүлөт.
Этно-карнавал: Ысык-Көлдүн жээгине бир нече өлкөдөн келген 500 бала чогулат