ЖМК: Жонсон отставкага кетпей турганын айтты

Буга чейин Британияда бир суткада эле өкмөттүн отуздан ашуун кызматкери иштен кетүүгө арыз берген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Times гезитине таянып РИА Новости жазды.
"Борис Жонсон министрлерге отставкага кетпей турганын, ал кызматтан четтесе өлкөдө башаламандык болуп кетерин айткан", — деп жазылат макалада.
Басылма саясатчынын өкмөт башчылыктан кетпей турганына толук ишенерин кошумчалаган.
Эске салсак, өткөн аптада Британия ТИМинин Европа жана АКШ иштери боюнча мурдагы орун басары Кристофер Пинчер лондондук клубдардын биринде мас болуп алып чатак салган. Бир катар саясатчылар премьер Жонсон Пинчердин мурдагы кылыктарын билип туруп консерваторлордун парламенттик фракциясынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындагандыгын айтышкан.
Sky News телеканалы Жонсон шейшемби күнү кечирим сурап, эки жакты карабай эле туура эмес чечим кабыл алып койгонун мойнуна алгандыгын кабарлаган.
Британияда бир суткада эле өкмөттүн отуздан ашуун кызматкери иштен кетүүгө арыз берген. Алардын бешөө — министрлер, арасында орун басарлары, катчылар жана башка жетекчилер бар.
Британия: иштен кеткен беш министр Жонсонго да чакырык ташташты