Жаза аткаруу кызматында иштегиңиз келеби? Талаптар

Бош орундардын бир катарларына жогорку билим талап кылынса, кээ бирине орто билим менен кире аларын билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жаза аткаруу кызматы бош орундарга ишке алуу үчүн сынак жарыялайт. Бул туурасында аталган ведомствонун сайтында жазылган.
Төмөндөгү вакансиялар бар экени маалым болду.
Дарыгер жана IT-адистиги. Коюлган талаптар:
жогорку билим (медициналык);
аялдарды кошпогондо аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча);
35 жашка чейин;
орус жана кыргыз тилдерин билүү.
Контролер. Коюлган талаптар:
орто, атайын орто же жогорку билим;
аскердик же альтернативдик кызмат (үй-бүлөлүк себептер боюнча);
30 жашка чейин;
бою 165 сантиметрден кем эмес.
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунда кызмат өтөөнүн шарттары:
эмгек стажынын жеңилдетилген эсеби боюнча пенсияга чыгуу (1,5 күнгө 1 күн);
контролёрлордун эмгек акысы стажына жараша 20 000 сомдон жана андан жогору;
улук инспекторлордун — дарыгердин эмгек акысы стажына жараша 25 000 сомдон жана андан жогору;
дайындалган учурдан тартып атайын наам ыйгаруу;
жазык-аткаруу тутумунун кызматкерине берилүүчү башка социалдык кепилдиктер.
Бардык каалоочулар резюмесин ukorg215@mail.ru электрондук дарегине же Бишкек ш., Ибраимов көч., 106, ЖАКтын Борбордук аппаратына жөнөтсө болот.
Телефондор: 0312 43-82-10, 0553-81-03-02.
Кыргызстанда кайсы адистерге суроо-талап күч. Рейтинг