Чаткалда токойду кыйып сатышкан. УКМК жетекчилердин бирин кармады

Шектүү Жалал-Абад шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысы А.К.Д. УКМК кызматкерине 100 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, токойду мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган.
"Бирок райондун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын сунуштаган. Ал 6-июлда пара берип жаткан жеринен кармалды", — деди УКМК.
Шектүү Жалал-Абад шаардык убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.
50 абитуриент гранттык орунга мыйзамсыз кабыл алынган. УКМК иликтөөдө