Путин тапшырма берген: "Саур-Могиланы" калыбына келтирип жатышат. Видео

Мемориалды немецтик-фашисттик баскынчылардан Донбассты коргоо күнүнө карата ачуу пландалып жатат.
Sputnik
Донецк Элдик Республикасындагы "Саур-Могила" комплекси Россия лидери Владимир Путиндин түздөн-түз берилген тапшырмасы менен калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу РИА Новости Россиялык аскердик-тарыхый коомунун төрагасынын орун басары Николай Овсиенко билдиргенин жазды.

"Биринчи ирет бул жерге 5-майда келгенбиз. Иштер ыкчам график менен кетип бара жатат, бир тобу жасалып калды. Көркөм бөлүгүнө Россиялык аскердик-тарыхый коомунун, ал эми жалпы курулушка Коргонуу министрлигинин курулуш комплекси жооп берет. Бардыгы мамлекет башчынын түздөн-түз берилген буйругу менен жасалууда. Бул мемориал Донбассты коргоочуларга, Россиянын коргоочуларына арналган", — деди Овсиенко.

Анын айтымына караганда, графикти коргоо министринин орун басары Тимур Иванов менен Россиялык аскердик-тарыхый коомунун төрагасы Владимир Мединский бекиткен.
"Августтун аягында, сентябрдын башында калыбына келтириле турган "Саур-Могила" мемориалын немецтик-фашисттик баскынчылардан Донбассты коргоо күнүнө карата ачууга ниет кылып жатабыз", — деп билдирген Овсиенко.
Аны менен кошо мемориалга ДЭР башчысы Денис Пушилин да келген.
Бул жай украиналык нацисттердин аткылоосунан улам 2014-жылы талкаланып калган.
"Саур-Могила" — республиканын борборуна аймакташ, Донецк деп аталып, 1943-жылы катуу согуш жүргөн жер. Жоокерлер дал ошол дөңсөөнү алыш үчүн жан аябай салгылашкан. Ал баатырлардын элесине 1967-жылы бул жерде мемориалдык комплекс пайда болгон.
Тема боюнча:
Донецк: украин аскерлери Киев районундагылардын жашоосун азапка айлантты. Видео
Москвадагы АКШ элчилигинин жанындагы аймак ДЭР деп аталмай болду