Көлдүн Саруу айылында пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Сүрөт

Азырынча заводдо 12 адам иштеп жатат. Кийинчерээк жумуш орундары 30га чейин көбөйтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди. Бул тууралуу "Кумтөр" компаниясынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында пластикти кайра иштеткен завод ишке берилди

2 / 3

Билдирмеге караганда, заводдо "Кумтөр" кенинде чогултулган пластик калдыктарынын баары кайра иштетилет

3 / 3

Кайра иштетилген сырьёдон жер-жемиш үчүн желим ящиктер өндүрүлөрү айтылды

Билдирмеге караганда, заводдо "Кумтөр" кенинде чогултулган пластик калдыктарынын баары кайра иштетилет.
"Ишкана үчүн заманбап жабдуу Беларуста чыгарылган. Аны сатып алууга жана Кыргызстанга жеткирүүгө "Кумтөр" ишканасы жардам берди. Заводду иштетүүнүн негизги максаты — Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо. Азырынча ал жакта 12 адам иштеп жатат. Кийинчерээк жумуш орундары 30га чейин көбөйтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кайра иштетилген сырьёдон жер-жемиш үчүн желим ящиктер өндүрүлөрү айтылды. Азыркы тапта Түп, Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунда таштандыны иргей турган атайын урналарды орнотуу жумуштары жүрүп жатканы кошумчаланды. Алар киши көп жүргөн көчөлөргө жана көл жээгине коюлат.
Таштандыдан жер семирткич алынат. Катарлык компания Бишкекке долбоор сунуштады