Прокуратура сотко чуулуу "Манас-Ата" кафесин түрттүрүүнү сунуштады

Кафенин ээси техникалык паспортун жеке турак жай катары даярдаган, курулуш убагында эскертүүлөргө баш ийген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ош шаарынын прокуратурасы "Манас-Ата" кафесинин имараты кызыл сызыктан чыгып курулгандыгын аныктап, аны буздуруу үчүн сот органдарына доо арыз менен кайрылууну сунуштады. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин адистери иликтөө жүргүзүп, кафенин жер тилкесин 2017-жылдын 31-ноябрында Юлдашбай Нематов сатып алганын аныктаган.
Ал эми Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, ал жерге жеке турак жай куруу үчүн техпаспорт даярдалып, шаардын башкы архитектору менен макулдашылган. Бирок берилген документке карабастан Аскар Шакиров көчөсүнүн кызыл сызыгынан чыгып, "Манас-Ата" кафеси курулган.
Мындан улам Нематовго 2018 жана 2019-жылы эскертүүлөр берилип, мэриянын Шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн адистери менен биргеликте жеринде акт түзүлгөн. Андан сырткары, 2019-жылдын 20-мартында Ош регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгы мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү үчүн Мамэкотехинспекцияга өткөрүп берген.
Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча архитектуралык курулушту контролдоо боюнча башкармалыгына мыйзамсыз курулган "Манас-Ата" кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча сот органдарына кайрылуу тапшырмасы берилди.
Учурда аталган кафе жабык турат, ага суу, жарык берүү да токтотулган.
Оштун мэри "Манас ата" кафесинин иши боюнча кызматкерлерге каарын төктү. Видео