Этно-карнавал: Ысык-Көлдүн жээгине бир нече өлкөдөн келген 500 бала чогулат

Эл аралык этно-карнавал 9 жаштан 17 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачылык, баарлашуу жана достугун чыңдоого мүмкүнчүлүк түзүп берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстанда "Ысык-Көл досторун чогултат-2022" XII эл аралык этно-карнавал Бишкекте жүрүш менен башталды. Бүгүн анын катышуучулары билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев менен жолугуп, расмий ачылыштан соң Ысык-Көлгө жөнөп кетишет. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.
Бул эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан 500гө чукул бала катышмакчы.
Этно-карнавалдын максаты — Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, достукту чыңдоо, балдардын көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык чеберчиликтерин өнүктүрүү.
1 / 5

Кыргызстанда "Ысык-Көл досторун чогултат-2022" XII эл аралык этно-карнавал Бишкекте жүрүш менен башталды

2 / 5

Бүгүн анын катышуучулары билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев менен жолугуп, расмий ачылыштан соң Ысык-Көлгө жөнөп кетишет

3 / 5

Бул эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандан 500гө чукул бала катышмакчы

4 / 5

Этно-карнавалдын максаты — Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн этномаданий өзгөчөлүктөрүн изилдөө, жандандыруу жана сактоо, достукту чыңдоо, балдардын көркөм, музыкалык, вокалдык, хореографиялык чеберчиликтерин өнүктүрүү.

5 / 5

Маалыматта "Ысык-Көл досторун чогултат-2022" аттуу XII эл аралык этно-карнавал президенттин "2022-жылды тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгын, "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" концепциясын ишке ашыруунун алкагында өтүп жатканы айтылган.

Этно-карнавалдын программасында Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын чеберлери менен музыкалык көрсөтүүлөр, хореография, вокал, элдик аспаптарда ойноо боюнча мастер-класстар бар. Андан сырткары, балдар чыгармачылыгынын VII эл аралык сынагы өткөрүлөт. Музыкалык топтор хореография, аспаптык ансамблдер, улуттук аспаптарда жекече аткаруу, вокал сыяктуу номинациялар боюнча ат салышат.
Бул жылы биринчи жолу "Театр искусствосу" номинациясында сынак өтөт. Ар кайсы өлкөлөрдүн алдыңкы эксперттери кирген калыстар тобу сынактын катышуучуларынын чыгармачылыгын, эмгекчилдигин, аткаруучулук сапатын, сахна чеберчилигин баалайт.
Этно-карнавал Ысык-Көлдүн жээгинде он эки жылдан бери өтүп жатат. Эл аралык иш-чарада 9 жаштан 17 жашка чейинки балдар менен өспүрүмдөрдүн чыгармачылык, баарлашуу жана достугун чыңдоо мүмкүнчүлүгү жаралат.
Фестиваль жана акысыз балмуздак. Бишкектеги балдар майрамынан 17 сүрөт