Кыргызстанда COVID жуктургандар көбөйүүдө. Чектөө чаралары киреби?

Коронавирустун жаңы учурлары боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева коронавирус боюнча өлкөдөгү кырдаалга токтолуп, чектөө чаралары кайсы учурда киргизиле турганын айтты.
"Азырынча чектөө чараларын киргизүүгө эрте. Анткени "жашыл" зонадабыз. Бирок ооругандардын саны өсүп бара жаткандыктан атайын топ иштеп баштады. Коронавирус боюнча республикалык штабдын жыйыны пландалууда. Ал жерден эки жумага карата алдын ала божомол айтылышы мүмкүн", — деген Арыкбаева.
Республикалык штаб коронавирус жуктурган жаңы учурлар боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бериле баштай турганын маалымдады.
Эки жумада 30 пайыз. ДССУ башчысы коронавирус көбөйүп жатканын айтты