Кыргыз-казак күч түзүмдөрү биргелешкен атайын операция өткөрдү. Чоо-жайы

Эки мамлекеттин тартип коргоо органдарынын кызматташуусунан улам 68 миң дозалык 22,7 килограмм баңгизат жок кылынган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын күч түзүмдөрү биргелешип баңгизат боюнча эл аралык синдикатты жок кылышты. Бул туурасында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирген.
"Коопсуздук боюнча улуттук комитет Кыргызстан менен Казакстандын тартип коргоо органдары менен эл аралык синдикаттын ишин токтотуу боюнча атайын операция өткөрүштү. Ал топтор жашыруун иш алып барып, синтетикалык наркозаттарды Борбор Азия өлкөлөрүнө контрабанда менен киргизип турган", — деп айтылган Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө.
Көп этаптуу ыкчам операциялардын алкагында быйыл июндун башында Алматы шаарында 17,7 килограмм синтетикалык баңгизаттарды сактоо жана ташуу менен алектенген топтордун төрт кишисин кармаган. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда психотроптук заттарды жасаган лаборатория аныкталган.
1 / 3

Кыргызстан менен Казакстандын күч түзүмдөрү биргелешип баңгизат боюнча эл аралык синдикатты жок кылышты

2 / 3

Көп этаптуу ыкчам операциялардын алкагында быйыл июндун башында Алматы шаарында 17,7 килограмм синтетикалык баңгизаттарды сактоо жана ташуу менен алектенген топтордун төрт кишисин кармаган

3 / 3

Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда психотроптук заттарды жасаган лаборатория аныкталган

"Баңгизаттарды Кыргызстан, андан сырткары, Шымкент жана Усть-Каменогорск шаарларына сатууну пландашкан", — деп билдирди атайын кызмат.
Чынжырча болуп алган бул топторду жок кылуу үчүн коңшу өлкөнүн чекисттери Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен биргеликте иштеген. Анын жыйынтыгында 2022-жылдын 5-июнунда Бишкек шаарынын аймагында 3 килограмм баңгизатты каткан кыргызстанык үч жаран кармалган. Ал эми ага улай эле Усть-Каменогорск жана Шымкент шаарларында бир учурда аймактык үч баңги курьер кармалып 2 килограмм баңгизат алынган.
Биргелешкен бул атайын операциянын жыйынтыгында наркосиндикаттын 10 мүчөсү колго түшүрүлүп, баңгизат жасаган ири лаборатория жабылган.
Жалпысынан алганда эки мамлекеттин тартип коргоо органдарынын кызматташуусунан улам 68 миң дозалык 22,7 килограмм баңгизат жок кылынган.
Казакстандын атайын комитети бул фактылар боюнча учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.
Чүйдө баңгизат сатып жаткан эки жаран кармалды, бирөө казакстандык. Видео