Радио

Манасчы "карчыт" деген көөнө сөздү чечмелеп берди

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздүн маанисин чечмелеп берди.
Sputnik
Тулпардын капталын карчыт деп колдонсо болот. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, XXI кылымда деле кыргыз үчүн жылкы баласы өзгөчө мааниде.
"Манас баянында "карчыт" деген сөз кездешет. Ал каптал, жан-жак дегенди билдирет. Түштүк жергесинен чыккан чоң манасчылардын бири Абдылда Дөөлөт уулунун вариантында "Карчытында шам күйөт, кара жал кула ат кимдики?Томугунда шам күйөт, тоодой кула ат кимдики?Бу кула атка кууган менен ат жетпейт, качкан менен ит жетпейт" деп Аккуланы сүрөттөгөн саптарды кездештирүүгө болот. Күнүмдүк турмушта жылкынын каптал жагын сүрөттөөдө дал ушу "карчыт" сөзүн колдонсо болот", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал көөнө сөздөрдү колдонуу сөз байлыкты өстүрөрүн кошумчалады.