Радио

Камбарбекова: гайморитти элдик медицина менен дарылоо туура эмес

Улуттук госпиталдын кулак-мурун ооруларын дарылоо бөлүмүнүн дарыгери Перизат Камбарбекова гайморитке кабылгандардын саны арбып баратканын айтты.
Sputnik
Гайморитти убагында дарылабаса менингит, флегмона, пневмония, өнөкөт бронхит, бронхиалдык астманы пайда кылат. Бул тууралуу Перизат Камбарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда гайморитке кабылып, дарыгерлерге кайрылган бейтаптардын саны өстү.
"Гайморит — жаак беттин көңдөйчөлөрүнүн сезгениши. Гаймориттин курч кармаган түрү, өнөкөткө жеткен учуру жана аллергиялык түрү бар. Сасык тумоонун кесепети да гайморитке жеткирет. Түрдүү вирустар, бактериялар да гаймориттин пайда болушунун негизги факторлору. Акыркы учурда Кыргызстанда гайморитке кабылгандардын саны өстү, өнөкөткө өтүп кеткен учурлар да арбын кездешет. Эгерде убагында дарылабаса менингит, флегмона, пневмония, өнөкөт бронхит, ангина, бронхиалдык астманы шарттайт. Гаймориттин симптомдору байкалса дароо дарыгерге кайрылуу керек. Себеби бизде үй шартында элдик медицинаны колдонуп дарылоо ыкмаларын сунуштап жатышат. Мындай ыкма, тескерисинче, дартты күчөтүп, башка оорулардын чыгышына себепкер болот", — деди Камбарбекова.
Ошондой эле адис заманбап медициналык технологиялардын жардамы менен гаймориттин түрүн аныктап, операция жолу аркылуу да ооруну айыктырууга болорун кошумчалады.