54 жашта эле. Эртең менен Чаткалдын прокурору автокырсыктан көз жумду

Автоунанын ичинде сегиз киши болгону, башкалары жаракат алып ооруканага түшүп, Жанузаковдун көз жумганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Чаткал районунун прокурору, подполковник Бакирдин Жанузаков жол кырсыктан каза тапты. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Чаткал районунун прокурору, подполковник Бакирдин Жанузаков
ЖМКлардын жазганына караганда, прокурор түшкөн автоунаа Чаткал — Кара-Буура жолунда аласалып кеткен. Маалыматта автоунанын ичинде сегиз киши болгону, башкалары жаракат алып ооруканага түшүп, Жанузаковдун көз жумганы айтылган. Алар Бишкектен бара жатканы маалым болду.
Юстиция подполковниги 54 жашта эле, аталган кызматта 2020-жылдын май айынан тарта иштеп келе жаткан. Ага чейин Талас жана Нарын облустарында эмгектенген.
Башкы прокуратура Бакирдин Жанузаков боюнча некролог таратты.
Жанузаков прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып иштей баштаган. Талас аймагында облустук прокуратуранын башкы адисинен Коррупцияга каршы иштөө жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчылыгына чейинки кызматтарда болгон. 2019-жылы Баткен облусунун прокурорунун орун басары болсо, 2022-жылы Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун прокурорлугун аркалаган. 2022-жылдын 20-майынан тартып Чаткал районунун прокурору болуп дайындалган.
"Кыргызстандын прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун", — деп айтылган Башкы прокуратуранын некрологунда.
Ысык-Көлдө минивэндер кагышып эки адам каза болуп, 12 киши жаракат алды