БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон өкмөт башчылыктан жана Консерваторлор партиясынын лидерлигинен кетүү чечимин кабыл алгандыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Анткен менен Жонсон билдирүүсүндө жогорудагы кызматына жаңы жетекчилер келмейин иштеп турарын белгилеген. Аталган процедуранын келерки жумада болору айтылды.
Ал "дүйнөдөгү эң мыкты кызматтан кетип жаткандыгына ичи ачышкандыгын" айтып, кийинки жетекчиге колунан келишинче көмөктөшүп турарын билдирген.
Жонсондун отставка алдында бир топ саясий чатактарга кабылды. Министрлер кабинетинин нааразылыгы анын консерваторлордун парламенттик фракциясына алып келген өзүнүн чуулуу тарапташынан улам чыккан. Жонсон шейшемби күнү кечирим сурап, "эки жакты карабай эле туура эмес чечим кабыл алып койгонун" мойнуна алгандыгын айтканы менен министрлер кабинетиндегилер өз чечиминен кайткан эмес. Тагыраагы, Жонсонго ишеним көрсөтпөй жана анын башкаруу ыкмаларына макул эместигин билдирип, саламаттык сактоо менен финансы министрлери Риши Сунака жана Сажид Жавиддин отставкага кеткен. Бул экөөнөн кийин Консерваторлор партиясынын башчысынын орун басары Бим Афолами да өзүнүн кызматынан баш тарткан. Бул уланып отуруп, бир суткада эле өкмөттүн отуздан ашуун кызматкери иштен кетүүгө арыз берген. Алардын бешөө министр, арасында орун басарлары, катчылар жана башка жетекчилер да болгон. Анткен менен ЖМКлар Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон кызматтан кетүүдөн баш тарткандыгын жазган.