Британия: иштен кеткен беш министр Жонсонго да чакырык ташташты

Британияда бир суткада эле өкмөттүн отуздан ашуун кызматкери иштен кетүүгө арыз берген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Британияда беш министр иштен кетип, өкмөт башчы Борис Жонсонду да кызматын тапшырууга чакырышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Британияда бир суткада эле өкмөттүн отуздан ашуун кызматкери иштен кетүүгө арыз берген. Алардын бешөө министр, арасында орун басарлары, катчылар жана башка жетекчилер бар.
Эске салсак, өткөн аптада Британия ТИМинин Европа жана АКШ иштери боюнча экс-орун басары Кристофер Пинчер лондондук клубдардын биринде мас болуп алып чатак салган. Бир катар саясатчылар премьер Жонсон Пинчердин мурдагы кылыктарын билип туруп консерваторлордун парламенттик фракциясынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындагандыгын айтышкан.
Sky News телеканалы Жонсон шейшемби күнү кечирим сурап, "эки жакты карабай эле туура эмес чечим кабыл алып койгонун" мойнуна алгандыгын кабарлаган.
ЖМК: Британия Россиянын тоңдурулган активдерин Украинага берүүгө ыктап жатат