БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Беловодское айылында эски мектептин имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кырсык бүгүн, 7-июлда, кечке маал катталган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин бир бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 19:50дө чектөөгө алынган.
Билим берүү жана илим министрлиги өрт чыккан мектепте эч ким окубай турганын, жабыркагандар жок экенин белгиледи.
"Бул мектеп 1927-жылы курулган. Эскилиги жеткендиктен 2012-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чечими менен авариялык абалдагы мектеп деген жыйынтык чыгарылган. Аталган билим берүү мекемеси 2018-жылы айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп, ошондон бери ал жакта балдар окубайт. Бүгүнкү күнгө чейин имарат бош турат", — деген министрлик.
ӨКМ кошумча маалымат берилерин маалымдады.