Бангкокто сууда "өлүп калды" деген киши элди чочутту. Видео

Бангкоктогу райондун биринин жашоочулары күлкүлүү окуяга туш болду. Алар каналдан адамдын калкып жаткан денесин көрүп каза болуп калды деп ойлошкон.
Sputnik
Oddity Central басылма билдиргендей, жашоочулар таштандынын жанындагы суудан кишинин денесин байкап, чөгүп кеткенби деп ойлошкон.
Тургундардын бири "сөөктү" алып чыгууга түшкөн. Бирок эркек киши тирүү болуп чыккан, ал медитация кылып жатканын айткан.
"Биз аны өлүп калды деп ойлогонбуз. Дене кыймылдабай калганын көрдүк. Бирөө аны суудан алып чыгайын десе сүйлөп жиберди. Анан ал медитация кылып жатканын айткан", — деген журналисттерге куткаруучу Сомматр Промвог.
Тез жардам менен келген медиктер суудан чыккан кишинин абалы жакшы экенин жана мас эместигин аныкташкан. Ошондой эле ага медитация кылууга башка жерди сунушташкан.
Тема боюнча:
Аз жерден калды. Поезддин алдынан "суурулуп" чыккан байкердин видеосу