БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Британиялык премьер-министр Борис Жонсон консерваторлордун парламенттик фракциясына алып келген өзүнүн чуулуу тарапташы үчүн кечирим сурап, бирок баары бир жарым сааттан кийин өкмөттөгү эки маанилүү министрден кол жууду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өткөн аптада Британия ТИМинин Европа жана АКШ иштери боюнча экс-орун басары Кристофер Пинчер лондондук клубдардын биринде мас болуп алып чатак салган. Бир катар саясатчылар премьер Жонсон Пинчердин мурдагы кылыктарын билип туруп, консерваторлордун парламенттик фракциясынын орун басарлыгына дайындагандыгын айтышкан.
Sky News телеканалы Жонсон шейшемби күнү кечирим сурап, "эки жакты карабай эле туура эмес чечим кабыл алып койгонун" мойнуна алгандыгын кабарлады.
Ал өкүнгөнүн айткандан кийин Жонсонго ишеним көрсөтпөй жана анын башкаруу ыкмаларына макул эместигин билдирип, саламаттык сактоо менен финансы министрлери Риши Сунака жана Сажид Жавиддин отставкага кеткени белгилүү болду.
Бул экөөнөн кийин Консерваторлор партиясынын башчынын орун басары Бим Афолами да өзүнүн кызматынан баш тартканын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы аркылуу Guardian басылмасына таянып билдирди.
"Ал Жонсондун партиянын, өлкөнүн колдоосуна ээ болбой калгандыгын айтып, отставкага кетирүүгө чакырган", — деп айтылат маалыматта.