Жети-Өгүздө катуу шамал мектептин чатырын учуруп кетти. Сүрөт, видео

Бүгүн Жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымы эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында катуу шамал болуп, Данаке Иманов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 5-июлда, болуп, болжол менен 1 036 чарчы метрлик шифер жараксыз абалга кептелген. Жерине Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн үч офицер келип мектептин абалын көрдү.
1 / 2

Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында катуу шамал болуп, Данаке Иманов атындагы орто мектептин чатырын учуруп кетти

2 / 2

Окуя кечээ, 5-июлда, болуп, болжол менен 1 036 чарчы метрлик шифер жараксыз абалга кептелген.

Бүгүн Жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымын эсептеп, чатырын жабууга кам көрүшөт.
"Дордойдогу" өрт. Кийим саткан 42 контейнер күйүп, эки адам жабыркаган